• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Мен төлөгөн сумма документте башкача болуп көрсөтүлгөн экен - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.20 /Кабар/. Бүгүн, 24-январда Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө кезектеги күбө Элебесов, 2 дарегинде жайгашкан үйдүн тургуну көрсөтмө берүүдө.

"Мен башка сумма төлөгөм, документте болсо башкача болуп чыкты. Мага муну салыктын аз төлөнүшү менен түшүдүрүштү. Мен "Дастан" ЖЧКсы менен келишим түзгөнмүн. Соттун эски чечиминде менин "БЛС" ЖЧКсы менен келишим түзгөндүгүм көрсөтүлгөн. Батир сатып алуу боюнча Хусейин менен сүйлөшкөм, мага анын директор экендигин айтышкан. Ал мага эгерде бир нерсе болсо, анда менден сура, бир айдын ичинде техникалык паспортту беришпесе акчаны кайтарып берем деген", - деди күбө.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий