• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы пробация кеңешинин “жардам” иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы пробация кеңешинин “жардам” иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Социалдык ар кандай жардамга муктаж жарандарды аныктоо жана ар тараптуу укуктук жана материалдык колдоо көрсөтүү багытында уюштурулган пробация органынын Нарын шаардык кеңешинде вице-мэр Назира Жумакадырованын төрайымдыгы алдында жылдын 4- кварталына белгиленген жардам берүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Нарын районунан жана Нарын шаарынан 20 жаран чакырылып, укуктук суроолорго жооп ала алышты. Көпчүлүк кеңештер муктаждарга документ алуу, жөлөкпул, пенсия чектетүү, билим берүүдөгү, саламаттыкты сактоодогу жана башка социалдык жеңилдиктерге ээ болуу боюнча суроолоруна Нарын шаардык пробация кеңешинин мүчөлөрү жооп беришти.

Нарын шаардык пробация органында учурда 33 жаран каттоодо. Ал эми жыл ичинде 54 жардамга муктаж жаранга 84 миң сомдук материалдык жана укуктук жардамдар берилип, 1 адамга паспорт алынды.

Пробация органы социалдык- укуктук, психологиялык жана юридикалык жардамдарды көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий