• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарында “Өспүрүм түн” аталыштагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. 7-8-сентябрда Нарын шаарынын аймагында “Өспүрүм түн” аталыштагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейдге Нарын ШИИБдин кызматкерлери менен биргеликте вице-мэр Элнура Асангазы кызы, Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө боюнча кызматынын башкы инспектору Жаңылбүбү Чойбиева катышты.

Иш-чаранын негизги максаты жашы жете элек балдардын эмгеке тартылуусун, же пайдалануу учурларын аныктоо, муну менен катар Нарын шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жашы жете электер арасында бөөдө кырсык учурларын алдын алуу, жаш өспүрүмдөрдү кечкисин кароосуз, көзөмөлсүз калтырбоо боюнча жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүү болуп саналат.

Анын жүрүшүндө түнкү эсалуучу жайларда эмгекке тартылган жашы жете элек балдар аныкталып, чара көрүү үчүн тиешелүү мекемелерге каттар жиберилди. ошондой эле Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө түндө кароосуз жүргөн жашы жете элек 59 бала алып келинип, ата-энелерине өткөрүлүп берилди жана 4 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, аталган рейддин алкагында бир уурулук фактысынын бети ачылды.

Пикир

Оставить комментарий