• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген имараттын тагдыры чечилмей болду

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмү үчүн курула баштап, бирок ара жолдо калган курулуштун тагдыры чечилмей болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов ушул имараттын тагдырын чечип, ылайыгы келсе курулушту улантуу, болбосо буздуруп, жаңы имарат куруу ишин колго алды.

Ал бүгүн, 11-августта оорукананын жетекчилиги жана тиешелүү кызматкерлер менен курулушту жеринде көрдү. Тез арада документтерин тактап, Сейсмикалык курулуш институтунун жана ӨКМдин корутундусун алууну облустук оорукананын жетекчиси Чыңгыз Нарынбековго тапшырып, анын корутундусуна жараша жыйынтык чыгарып, жаңы имарат курууга каражат таап берээрин айтты.

Белгиленгендей, бул курулуш 2001-жылы башталып, каражаттын тартыштыгынан бүтпөй калган. 2003-жылы курулуш жер тилкеси менен бирге жеке адамдарга сатылып, кийин бир нече жолу кайра сатылган. 2010-жылы мамлекеттин менчигине кайтарылган. Көп жылдар бою кароосуз калгандыктан жараксыз абалга келген.

Пикир

Оставить комментарий