• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Нарында өскөн дары чөптөр экспортко даярдалууда

Аймак 0

Бишкек,24.11.18./Кабар/. Бул маалыматты бүгүн, 2018-жылдын 24-ноябрында, «Дордой дары» жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Дамира Кампабекова дары чөптөрдү кайра иштетүү цехинин ачылыш аземинде билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын обулсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рима Апасова, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өнөктөштөр менен кызматташуунун натыйжасында Нарын облусунун Ат-Башы айылында ачылып жаткан чакан ишканага 20 млн сомдук заманбап техникалык жабдыктар алынган. Эл аралык деңгээлдеги сертификатка ээ болуп, чет өлкөлөргө экспортко чыгууну максат кылган ишкана учурда Нарын жергесинде өскөн 29 дары чөптүн түрүн стандартка ылайык даярдоону колго алууда.

Сөз кезегинде А.Кайыпов Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жыл башында нарындык ишкерлер менен жолугушуу өтүп, кичи мекенге салым кошууга үндөгөнүн маалымдады. Ишкерлер тарабынан демилге колдоого алынып, 300дөн ашык долбоорду ишке ашыруу пландалганын билдирди. Мындан тышкары, облустук бийлик тарабынан жылына өткөрүлүүчү инвестициялык форумдун жүрүшүндө «Дордой дары» ЖЧКсы меморандумга кол коюшуп, чакан цех ишке киришип жатканын белгиледи.

Кесиби боюнча биолог Д.Кампабекова 1992-жылдан баштап дары чөптөр менен ишмердүүлүгүн жүргүзөт. 2002-жылдан баштап демөөрчүлөрдүн көмөгү аркылуу ЖЧК түзүп, уникалдуу дарылык касиетке ээ чөптөр менен Кыргызстандын атынан дүйнөнүн 12 өлкөсүндө өткөрүлгөн көргөзмөлөргө катышып, экологиялык таза продукциясын тааныштырып келет. Чет элдиктердин кызыгуусун арттырган органикалык продукциялар учурда жалаң кагаз баштыктарга оролуп, колдонуу эрежелери кыргыз жана орус тилдеринде басылып жатканын белгиледи. Жакынкы убакта англис тилинде дагы колдонуу эрежелери басылып чыгып, республиканын бардык аймактарына жана экспортко чыгууга даярдалууда.

«Тоолорубузда өскөн чөптөрдүн дарылык касиети күчтүү. Мисалы, деңиз деңгээлинен 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте өскөн «Алтын тамырдын» дарычылыгы Кытайдын «Женьшени» менен бирдей касиетке ээ»,-деди Д.Кампабекова.

Ишкердин айтымында «Бир айыл-бир продукция» долбоорунун алкагында бош жаткан жерлерди иштетип, бир айылда бир дары чөптү өстүрүп, жергиликтүүлөр менен кызматташуу пландалганын кошумчалады. Ишкана кыш мезгилинде 15 адам, ал эми жайкы мезгилде 60 адам жумуш орду менен камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий