• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Нарында сууга түшүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Нарында сууга түшүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 22-мартта издөө иштерине Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган жана 23-март күнү улантылат.

Белгилей кетсек, 7-март күнү Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2014-жылы туулган Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Издөө иштери дароо башталганына карабастан бүгүнкү күнгө чейин натыйжа бербей келет.

Пикир

Оставить комментарий