• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Назарбаев Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Жаратылыш менен бардык тирүү жандыктарга жан киргизген улуу майрам – Наурыз менен чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Жаңы өмүрдүн башаты болуп саналган касиеттүү Наурыз боордош элдерибизге көптөгөн кубанычтарды жана бакубатчылык алып келсин.

Элдерибиздин ортосундагы бекем достукка жана жалпы руханий баалуулуктарга негизденген ар тараптуу мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы жигердүү өнүктүрүлө берет деп ишенем»,-деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган кыргыз элине бейпил турмуш жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий