• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Назарбек Малаев кайрадан экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Назарбек Малаев экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды, деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Жаңыдан дайындалган министрдин орун басары бүгүн ведомствонун борбордук аппаратына тааныштырылды.

Белгилей кетсек, Малаев буга чейин экономика жана коммерция министринин орун басары болуп иштеген. Анда Соода, техникалык жөнгө салуу жана ЕАЭБ маселелерин көзөмөлдөгөн.

Ал кызматка дайындалганга чейин ЕАЭБдин координациялык башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий