• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Новосибирскте кыргызстандык киши эвакуатордун алдында калып каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Новосибирск шаарында кыргызстандык киши эвакуатордун алдында калып каза болду. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар билдиришти.

Маалыматка караганда, Новосибирсктин Калинин районунда 56 жаштагы эркек киши эвакуатордун дөңгөлөгүнүн алдында калып көз жумган. Унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөгү жүргүнчүнү көрбөй калган.

“Эвакуация кызматынын унаасынын катышуусунда болгон жол кырсыгы Ипподромский жана Кропоткин көчөлөрүнүн кесилишинде 14-октябрда саат 19:35тер чамасында катталган. 34 жаштагы эвакуатордун айдоочусу Кропоткин көчөсүнө бурулуп жатып, Ипподромский көчөсүндөгү №44 үйдүн алдындагы жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жол кыймылынын башкы инспекциясынын башкармалыгынан билдиришкендей, жөө жүргүнчү 56 жаштагы Кыргызстандын жараны. Кырсык учурунда ал жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө жолдон өтүп бара жаткан. Айдоочунун айтымында, жөө адам кочкул түстөгү кийимчен болгон, күн дагы бүркөк болуп, ал жүргүнчүнү көрбөй калган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий