• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оңдоо иштерине байланыштуу Тыныстанов көчөсүнүн бөлүгү жабык болот

Коом 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Бишкекте ондоо иштерине байланыштуу Тыныстанов көчөсүнүн бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Бул тилкеде асфальтбетонду оңдоо, тротуарларды, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 30-августуна чейин аяктоо пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий