• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Оңой оюн болбойт! Таркович Азия Кубогундагы Сауд Аравия менен эртеңки беттеш тууралуу

Спорт 0

Бишкек, 20.01.24./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы экинчи беттешин Сауд Аравиянын курамасы менен өткөрөт. Оюн 21-январда Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча беттеш саат 23:30да башталат.

Бүгүн "F" тайпасында орун алган эки кураманын башкы машыктыруучулары Штефан Таркович, Роберто Манчини жана оюнчулардын катышуусунда оюн алдындагы маалымат жыйын өттү.

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович маалымат жыйындын башында Таиландга каршы беттешке токтолду.

Башкы машыктыруучу турнирдин биринчи оюнунда утулуп калгандан кийин, кыйын абалда калышкандыгын жашырган жок.

"Бирок, бул футбол. Биз мыкты оюнду көрсөтүү үчүн бул турнирге катышып жатабыз. Биринчи беттеш оптималдуу болгон жок. Каталардан сабак алышыбыз керек, жана алдыдагы оюнга башкача мамиле жасашыбыз керек. Айрыкча, айып аянтчаларында жакшы оюн көрсөтүү зарыл", - деди.

Таркович өткөн оюнду талдап, оюнчулар менен иштеп, команданы Сауд Аравияга каршы боло турган беттешке болушунча даярдадык, бизди абдан татаал беттеш күтүп турат деди.

Башкы машыктыруучу эртеңки Сауд Аравия менен болчу оюн оңой болбойт деген пикирин билдирди.

"Сауд Аравиясы Азиядагы эң мыкты командалардын бири, алар муну Дүйнөлүк чемпионатта далилдешти. Биз күчтүү команда менен беттешкени турабыз. Биринчи оюнда утулуп калдык, бирок экинчи жагынан алганда, биз дагы деле күрөштү улантканы турабыз. Эгерде Сауд Аравиясы өз убагында аргентиналыктарды жеңе алса, менимче биз дагы Сауд Аравиясын жеңүүгө аракет кыла алабыз. Биз үмүтүбүздү үзгөн жокпуз, күрөшүүгө даярбыз, аны оюн талаасында далилдешибиз керек.

Биз алардын Оман командасы менен болгон оюнун талдап, анда команда ар кандай кырдаалды кандайча чечкендигин көрө алдык. Биз өзүбүздүн күчтүү сапаттарыбызды көрсөтүп, атаандаштын алсыз жактарын колдонуп калышыбыз керек.

Сауд Аравиясы ар дайым оюнда үстөмдүк кылууга жана ар кандай чабуул аракеттерин колдонууга аракет кылат, биз коргонууну катуу кармашыбыз керек. Бирок, ошол эле учурда, өзүбүз чабуулда ойнобосок, оюндан жакшы жыйынтык чыгара албайбыз. Ошондуктан, алдыдагы оюнда тең салмактуулукту табышыбыз керек.

Жеңебиз деп айта албайм. Оңой оюн болбойт! Бирок футболдо баардык нерселер болот. Менин оюмча, бардык оюнчулар, машыктыруучулар штабы жана кыргыз футболунун күйөрмандары буга ишениши керек. Турнирде көптөгөн командалар аны далилдешти. Эртең ийгилик жылмайышы мүмкүн", - деди.

Таркович ошондой эле "Ак шумкарларды" сүрөп, колдоп турган күйөрмандарга ыраазычылык билдирди.

"Мурунку беттеште курама командабыздын күйөрмандарынын колдоосу мени абдан таң калтырды. Ал укмуштуудай болуп, командага абдан жардам берди. Чоң рахмат!", - деди.

►Алимардон Шүкүров жөнүндө

Алимардон менен кырдаал өзгөрө элек. Шүкүров жекече машыгып жатат. Биз аны калыпка келтирүү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бирок, ал Сауд Арабияга каршы оюнда бизге жардам берүүгө даяр эмес.

►Валерий Кичин жөнүндө

Бул турнирде жаракат алгандан улам бир гана Валерий эмес, бир нече оюнчу бизге жардам бере алышкан жок. Валерийди калыбына келтирүү үчүн бир ай же андан көп убакыт керек болчу.

Биринчиден, Валерий тогузунчу январда текшерүүдөн өткөн, анын жыйынтыгында ал машыгууну баштоого даяр экендиги белгилүү болду. Биз болсо экинчи январда команданын акыркы оюнчулар тизмесин берүүгө аргасыз болчубуз. Экинчиден, менин оюм боюнча, бир айлык даярдыкты өткөрүп жиберген, бир дагы оюнчу командага жардамын тийгизе албайт.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө улуттук курама команданын чабуулчусу Эрнист Батырканов өткөн жана алдыдагы беттештер тууралуу пикирин билдирди.

Ал оюнчулар Таиланд менен болгон оюнду талдап, ката кетирилген жерлерибизди аныктадык деди.

"Кийинки оюндарда аларды кайталабайбыз. Өткөн беттеш менин эсимдеги эң начар оюндардын бири болду. Менин оюмча, бардык оюнчулар мурунку оюндагы жеңилүү тууралуу унутушту. Жашоо уланышы керек, алдыдагы эки оюндарда мыкты жыйынтык көргөзүү зарыл.

Эртеңки беттеште жакшы жыйынтык болот деп үмүттөнөм. Мен биздин командабызга ишенем", - деп баса белгиледи.

Чабуулчу эртең бардык күчтү оюн талаасында калтырууга убада беришерин айтты.

"Натыйжа болушу үчүн колубуздан келгендин баарын көрсөтүшүбүз керек!", - деди Эрнист Батырканов.

Ад эми Сауд Аравиясынын башкы машыктыруучусу Роберто Манчини алдыдагы беттеш тууралуу буларга токтолду:

"Ушунча жыл машыктыргандан кийин оңой оюндар болбойт деп айта алам. Айрыкча, буга окшогон турнирлерде. Кырдаал оюндун жүрүшүндө көп жолу өзгөрүп кетиши мүмкүн, эч бир учурда концентрацияны жоготпош керек.

Эгер сиз кечээки турнирдеги оюнду эстесеңиз, Ирак Японияны жеңет деп эч ким ойлогон эмес, бирок ошондой болду. Бул футбол. Биз Оманды жеңдик, бирок бул өткөн нерсе. Алдыдагы беттеш да татаал болот".

Пикир

Оставить комментарий