• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Окумуштуулар микротолкундуу мештердин терс таасири бардыгын моюндарына алышты

Дүр дүйнө 0

Микротолкундуу мештер айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизишет. Мындай чечимге Манчестер университетинин окумуштуулары келишкен. Изилдөө тууралуу маалымат ЖОЖдун сайтында жайгашкан.

Баяндамада жылына Евро Биримдикте эле мындай мештер 6,8 млн авто унаа бөлүп чыгарган – 7,7 млн тоннага жакын диоксид көмүртегин бөлүп чыгарышат. Бөлүп чыгаруунун мындай көлөмү глобалдык жылуулукка шарт түзүүчү факторлордун бири болуп саналат.

Ошондой эле микротолкундуу мештердин төмөнкү энергетикалык натыйжалуулугу айлана чөйрөгө өтө терс таасирин тийгизет, - деп белгилешет адистер. Алар бул мештер ЕБде орто эсеп менен жылына үч ири газ-электр станциясы иштеткен көлөмдөгү электр энергиясын сарптайт деп эсептешет.

Утилизация маселелери дагы изилдөөнүн авторлорунда олуттуу кооптонууларды жаратат. Доктор Алехандро Гайего Шмидттин айтымында, керектөөчүлөр учурда эскиси жарактан чыкканча эле жаңысын сатып алышууда. Себеби электр товарлары статустун көрсөткүчү болуп калышты. “Натыйжада ыргытылган буюмдар калдыктардын башка түрлөрүнүн арасында башкы орунда турат”,- деп шилтеме кылат окумуштууга ТАСС.

Адистердин айтымында, микротолкундуу мештердин терс таасирин алардын жарактуулук мөөнөтүн максаттуу түрдө узартууну адамдарга түшүндүрүү менен азайтууга болот. Ошондой эле Дни.Ру колдонуп бүткөн соң мешти электр тогунан ажыратып коюуну эскертишет.

Пикир

Оставить комментарий