• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Орозалиев шаар тургундарын бардык эрежелерди сактоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. “Учурда кырдаал чыңалып турат, шаар тургундарын Өзгөчө абал режиминин бардык эрежелерин так сактоого чакырам”,- деп билдирди өкмөттө өтүп жаткан маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий