• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орто-Токой суу сактагычынын жанынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 24-мартында Нарын облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Нарын облусунун ИИБнын жана КР УКМКнын чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган.

Аталган жайдан:

-2 кырдуу жылмакай курал;

-1 жылмакай аңчылык куралы;

-1 майда калибрлүү мылтык,

-1 “Сайга-410” карабини;

-59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.

Белгилей кетсек, табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн.

Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий