• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош базарында башаламан сооданы жоюу боюнча рейд жүрдү

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Ош базарында башаламан сооданы жоюу боюнча рейд жүрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге Ленин райондук акимчилигинин, «Тазалык» ишканасынын, мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Рейддин жыйынтыгында уруксат берилбеген жерлерде соода кылган жарандардын кол арабалары, кол чатырлары, чатырлары, столдору, отургучтары алынды.

Ошондой эле соодагерлерге базардын белгиленген чегинен тышкары соода кылбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий