• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ош базарында өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Ош базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-майда Ош базарында бири-бирине жанаша жайгашкан 2 контейнердин чатыры, жыгач устундуу калай менен жабылган 4 күркө өрттөнгөн.

Мындан сырткары, базардын административдик имаратынын чатырынын 30%ы күйүп, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам имараттын дубалы, ичи, ошондой эле жогоруда аталган 6 күркөдөгү буюмдар сакталып калган.

Маалыматка ылайык, аталган 6 күркөдө (павильон) ашкана, дүкөн, чач-тарач, ветеринардык дарыкана жайгашкан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынып, саат 12:56да өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий