• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облустук төрөт үйүнүн абалы текшерилип, кемчиликтер бар экендиги айтылды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов санитардык көзөмөл мекемесинин дарыгерлери менен биргеликте Ош облустук төрөт үйүнүн абалын текшерди.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкүлдүн орун басары облустук төрөт үйүндөгү бир катар кемчиликтер бар экенин айтты.

“Ош облустук төрөт үйүнө мамлекеттен бөлүнгөн акча максаттуу жумшалып жатканын аныктоо үчүн жерине барып текшерип, бир топ кемчиликтерди билдик. Аталган мекемеде тамак-аш коопсуздузугу сакталбайт экен, чарбалык жумуштар дээрлик 80% аткарылбаптыр. Ошондой эле дары-дармек, азыктарды сактоочу жайлары да санитардык талаптарга жооп бербейт экен", - деди Данияр Жаныкулов

Мындан сырткары, өкүлдүн орун басары бейтаптардын туугандары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.

“Төрөгөнү келген энелердин туугандары менен жолукканда облустук төрөт үйүнө көптөгөн сындарды айтышты. Мисал катары айтсам, төрөгөнү келген бейтаптардан 150 сом фондко деп акча алышат экен. Андай болбойт. Мамлекеттен төрөт үйүнө жыл сайын каражат бөлүнөт. Төрөткө келген аялдардан эч кандай тыйын алынбабашы керек, аларга акысыз кызмат көрсөтүлүшү керек. Мындан ары ооруканалардагы мыйзамсыз акча чогултмайларды токтотууга күчүбүздү жумшайбыз”,- деди өкүлдүн орун басары.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун кошумчалашынча текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлерге баа берилип, чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий