• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда 16 жаштагы кыз апасын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Ош облусунда 16 жаштагы кыз апасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Облустук милициядан белгилешкендей, Жошолу айыл аймагындагы айылдардын биринде 25-апрель күнү 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган.

"24-апрель күнү болжол менен саат 22:00дө аял менен анын 16 жаштагы кызынын ортосунда чыр чыгып, анын жыйынтыгында кыз апасын башка кулпу менен 2-3 ирет урган. Андан кийин ал башка бөлмөгө уктаганы кеткен. Аял окуя болгон жерде каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 138-беренеси боюнча каттоого алынган. Шектелүүчү кыз 2 айга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий