• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун аймагында жапайы өскөн 4,5 тонна кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. 4-10-июль аралыгында Ош облусунун аймагында "МАК-2022" алдын алуу иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жапайы өскөн кара-куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте топ түзүп, иш алып барууда.

6-июлда Араван районунун Аля Анаров айыл аймагынын жана Маңгыт айылынын талааларында 1 тоннага жакын, ал эми Кара-Суу районунун Савай, Сарай, Сары-Булак айылдарынын талааларында 2,5 тоннадан ашуун, Өзгөн районун аймагында 1 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.

Учурда облус аймагында милиция кызматкерлери тарабынан жер жерлерде баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз айдоону, ошондой эле бекитилген жер участкаларында, талааларда, өзүнүн короосунда жапайы өскөн кара-куурайды жок кылуудан баш тарткан жарандарга караштуу короолорду кыдыруу боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий