• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, райондук мамлекеттик администрация жетекчилеринин орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, айыл чарба тармагындагы мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда Айыл чарба тармагы боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын максаты айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жаӊы технологияларды колдонуу, үрөн чарбалардын, кооперативдердин, дыйкан фермерлердин билим деӊгээлин жана жоопкерчилигин жогорулатуу жана ата мекендик өндүрүштөгү жер семирткичтерди жайылтуу болуп эсептелет.

“Акыркы жылдарда глобалдык климаттын өзгөрүшү менен жалпы республикада, анын ичинде облустун аймагында туруксуз аба ырайы байкалып жатат. Анын натыйжасында сугат суунун тартыштыгынан айыл чарбасы зыян тартууда. Андыктан жаӊы технологиялык тамчылатып, жамгырлатып суугаруу, шарты катаал бийик жерлерге сууну бүрктүрүп суугаруу системаларын пайдалануу учурдун талабы. Албетте, бул системаны өнүктүрүүдө дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүүнүн мүмкүнчүктөрүн кароо керек”, - деп билдирди Ош облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев.

Семинарда ата мекендик өндүрүштөгү “Гумат KG” аталыштагы табигый чийки заттан даярдалган, экологиялык таза, Кыргызстандын жана жалпы Борбор Азиянын гумусу кем айдоо жерлерине ылайыкташкан жер семирткич презентацияланды.

Пикир

Оставить комментарий