• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун башчысы Папан, Найман суу сактагычтарынын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Папан, Найман суу сактагычтарынын жана Ноокат, Араван районунун суугат иштерине маанилүү болгон ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы суу менен камсыздоонун абалына олуттуу тынчсыздануусун, облустун дыйкандарын жана тургундарын суу менен камсыздоо боюнча тез арада чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Элчибек Жантаев айыл чарбасындагы жоготууларга жол бербөө жана дыйкандардын кызыкчылыгын коргоо максатында чарбалар, айыл өкмөттөр жана ирригациялык системалар ортосунда кезектешип сугаруу ыкмасын киргизүүнү сунуштады. Бул ыкма сууну пайдаланууну эффективдүү жөнгө салып, коромжуларды азайтып, ар бир дыйканга бирдей сугарууну камсыздайт.

Облус жетекчиси сугат суу менен камсыз кылууну графигин чыгарып, керектөөчүлөр менен тыгыз иш алып барууну жана сугат суусун үнөмдүү пайдалануу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий