• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаардык төрөт үйүндө коронавирус чыккандан бери кызматкерлерден 882 ПЧР тести алынды - Турдуев

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Ош шаардык төрөт үйүндө коронавирус чыккандан бери кызматкерлерден 882 ПЧР тести алынды. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык төрөт үйүндө 13-майда коронавирус катталган.

"Бүгүнкү күндө мекеме жабык турат. Учурда ал жерде иштеген 882 адамдан ПЧР тести алынды. Жыйынтыгында 14 учур катталды", - дейт ал.

Турдуев кошумчалагандай, Ош шаарында коронавирусту 135 жаран жуктурса, 111и айыкты жана 22 бейтап дарыланууда.

"Илдеттин кесепетинен 2 адам каза болду. Бүгүнкү күндө 509 адам обсервацияда, 842 адам үй карантининде болууда", - деп белгиледи Турдуев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1468 учур катталды. Алардын ичинен 287си медицина кызматкери. Илдеттен 1015 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий