• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Бабур театры пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.04.23./Кабар/. Бүгүн З.Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин и өрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Өзбекстандын маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрксойдун Башкы катчысы Султан Раев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинин алкагында шаардык маданият башкармалыгынын, театрдын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле эки өлкөнүн маданият ишмерлерине, маданияттын өнүгүшүнө жана театрды оңдоп-түзөө иштерине кошкон салымы үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.

Иш-чара акын, саясатчы жана колбашчы Захириддин Бабурдун тарыхый окуяларынын негизинде коюлган «Айролик» спектакли менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, театрды оңдоп-түзөө иштери 2021-жылдын сентябрь айында башталган. Каржылоо Өзбекстан Республикасы тарабынан жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий