• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана бөгөт коюу максатында Ош шаарында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын N109, 85, 12, 13, 29 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы Салиева, Жим көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, балдар ойноочу аянтчалар, Тешик-Таш мөмө-жемиш базары, 16 дүкөн, 3 дарыкана, Левел мейманканасы, Ош-Клиник медициналык борборунун имаратынын ичи-сырты толугу менен залалсыздандырылды.

Пикир

Оставить комментарий