• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто борбордук базарга ун жеткирилип, шаардын 4 жайында ун сатыла турган болду

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20./Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ун сатып алууга кезек күткөндөр менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мэр унга болгон муктаждык болбой турганын билдирди. Шаарда унга болгон баа туруктуу сакталып, “Тулпар” ун комбинатында 1 кап ун 1350 сомдон сатылууда. Аталган комбинатка калаа башчысы өзү барып, борбордук базарда 30 тонна ун сатууга жеткирилди.

Базарда 1350 сомдон ун сатылуу колго алынып, көзөмөл кылуу биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлдү.

Эртең, 19-марттан тарта Ош шаарынын кире бериши болгон Фуркат айылында, Кулатов кичи районунда, жана борбордук базарда ун сатуу жайлар иштей баштайт.

Бүгүн “Тулпар” ун комбинатына 150 тонна ун, 350 тонна буудай келди. Жакынкы күндөрү 650 тонна буудай, 150 тонна ун келет. Заводдо да ун чыгаруу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий