• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто үй жана жеңил унаа толугу менен күйүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Оштун Кара-Кулжа айылында эки кабаттуу турак үй менен Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сарайдын чатыры дагы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 63 жаштагы О.А., аттуу эркек киши жабыркап, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Өрт электр жабдууларын техникалык колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий