• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын "Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери" аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн эксперти Кыял Жанузакова, министрлер кабинетинин төрагасынын жана президенттин аппаратынын жетекчилигинин секретариатынын спичрайтери Тамара Абылкасымова, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

Форумда проректорлордун ишмердүүлүктөрү жана тил корпусун түзүү маселелери, жогорку окуу жайларда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, окутуунун заманбап жолдору, кыргыз тилинде жүргүзүлгөн иш-кагаздардын абалы, артыкчылыктары жана кемчилдиктери жөнүндө баяндамалар жасалып, бир катар сунуштар айтылды.

Иш-чара билим берүү системасы аркылуу мамлекеттик тилдин жайылтылышы, сакталышы, өркүндөтүлүшү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий