• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган бир катар спорттук иш-чаралар өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Ош шаарында Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган волейбол жана баскетбол боюнча бир катар спорттук иш-чаралар болуп өттү.

Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган волейбол боюнча турнирге 28 команда катышты. Турнирдин ачылуу аземине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Дене тарбия жана спорт боюнча комитеттин кызматкерлери, спортчулар, күйөрмандар катышты. Турдуев шаар мэринин атынан Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап бардыгына мелдеште ийгиликтерди каалады.

Мелдештер эки топко бөлүндү. Биринчи топто – шаардык уюм, мекеме жана ведомстволордун, күч түзүмдөрүнүн, саламаттык сактоо мекемелеринин, билим берүү, коомдук уюмдардын кызматкерлеринин командалары болгон. Алардын ичинде орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун - Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын командасы ;

2-орун - Ош шаарынын Маданият башкармалыгынын командасы;

3-орун - ОшМУ кызматкерлеринин командасы;

4-орун - ОшКУУ кызматкерлеринин командасы.

Экинчи топто шаардын жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринен турган командалар күч сынашты.

Турнирди өткөрүүнүн башкы максаты - республикалык жана эл аралык мелдештерге, турнирлерге катышууга спортчуларды тандоо, калк арасында спортту жайылтуу, ошондой эле калк арасында волейболдун популярдуулугун арттыруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, ошондой эле бүгүн Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган эркектер арасында баскетбол боюнча турнир өттү.

Пикир

Оставить комментарий