• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто Нооруз майрамына даярдык көрүү боюнча кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Кечээ, 13-мартта Ош облусунун аймагында Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдыктар боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, облустук мекеме жетекчилери, онлайн форматта райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдердин орун басарлары катышты.

Жыйында Нооруз майрамына карата өткөрүлүүчү иш-чаралар, өткөрүүгө даярдыктар боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы облустук ат майданында өтүүчү Көк-Бөрү жана Ат чабыш оюндарын өткөрүүгө даярдыктарды тууралуу сөз болду.

Өкүлдүн орун басары 21-март күнү Ош облусунун райондорунда жана КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогу үчүн өтүүчү Көк-Бөрү жана Ат чабыш оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү, иш чаралардын программасына улуттар аралык достукту чыңдоо, улуттук баалуулуктарды даңазалоочу сахна көрүнүштөрдү кошуу жана жарандарды коопсуздугу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий