• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууга багытталган жолугушуулар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7-8-декабрь күнүдөрү ИИМдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) демилгеси менен уюштурулган диний экстремизмди алдын алуу максатында, «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада Ош шаарынын ички иштер кызматкерлерине, Ош шаардык билим берүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жаштар комитетинин, борборлорунун өкүлдөрүнө жана Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечиттердин молдолору менен семинар, жолугушуулар болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараларга Ош шаарынын аймагында жайгашкан 23 мектептин мугалимдери, 78 мечиттин имамдары келип, Ош шаарынын 7 муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү жана Ош шаардык ИИБнин жашы жете электердин инспекциясынын инспекторлору, аймактык тескөөчүлөрү, ЭММКАКнын кызматкерлери катышты.

Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын Теологиялык изилдөөлөр жана методикалык уюштуруу жана кибер коркунучтарды алдын алуу бөлүмдөрүнүн кызматкери Манас Аманбаев мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо боюнча алдын алуу коопсуздук жана мыйзам бузууларга жол бербөө максатында дин кызматкаерлеринин шайлоо учурунда үгүттөө иштерине аралашпоого, мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы тууралуу эскертип өттү жана диний экстремизмди алдын алуу, болтурбоо үчүн молдолордун ролу эл алдында чоң экендигин жана укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барууну сунушташты.

Ошондой эле жогоруда аталган кызматтын кызматкерлери Медер Карабаев, Илгиз Ырысбаев Ош шаарынын билим берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын өкүлдөрүнө, Ош шаардык ШИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө жана аймактык тескөөчүлөрүнө интернет айдынындагы жана социалдык
тармактардагы жаштардын радикалдашуусун жана диний экстремизмдин алдын алуу багытындагы иш-чараларды өткөрүү маанилүү экендигин жана COVID-19
илдетине байланыштуу, санитардык эрежелерди мектептерде жана намаз учурунда мечиттерде сакталышын көзөмөлдөп турууну эскертти.

Аталган семинар жолугушуулардын аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстермизмдин алдын алуу боюнча даярдалган 5 миңге жакын усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Мындай иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий