• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош мэри шаардын инфраструктурасын жакшыртуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардык кызматтардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен кеңейтилген ыкчам кеңешме өткөрдү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменин жүрүшүндө салык кызматынын, шаардык каржы башкармалыгынын, Ош шаарынын муниципалык менчик башкармалыгынын башчыларынын жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маалыматы угулду.

Ошондой эле калаанын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, жолдорду асфальттоо жана тротуарларды куруу, жол сызыктарын, жол белгилерин, көчөлөрдүн жана объектилердин аталыштары жазылган белгилерди коюу иштери боюнча маалымат берилди.

"Шаардагы көчөлөрдүн аталыштарын иретке келтиргиле. Жол иштеринин, асфальттын сапатына өзгөчө көңүл буруу керек. Асфальт жолдорго люктарды орнотуу маселеси турат, аны чечкиле, баары талапка ылайык болушу керек. Жол оңдоо иштерин тездетүү үчүн жаңы атайын техника – фрезер алынган. МАБдардын кайрылууларын кабыл алып, оңдоо иштерин жүргүзүү керек”, - деп баса белгиледи Мамбетов.

Ага улай Ош шаардык жолдор башкармалыгы жана Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканаларына жаңы техникаларды алуу маселеси да көтөрүлдү. Бардык иштер бекитилген график боюнча жүргүзүлүшү керектиги айтылды.

Ошондой эле “Ош сити” долбоорун ишке ашыруу маселеси каралып, ал боюнча тиешелүү жумушчу топ түзүү тапшырылды. Соңунда мэр шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, анын ичинде социалдык маанилүү объектилерди (мектеп, бала бакча) куруу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий