• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто согуш ардагерлерине Жеңиштин 75 жылдыгына карата акчалай сыйлыктар тапшырылды

Жеңишке 75 0

Ош, 05.05.20. /Кабар/. Ош облусунда согуш ардагерлерине Жеңиштин 75 жылдыгына карата акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, кечээ, 4-май күнү өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйлөрүнө барып келген.

"Өкмөттүн резервдик фондунан майрамга карата ар бир согуш ардагерине 10 миң сомдон бөлүнүп, азык-түлүк топтомдору жана белектер берилди. Ош облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 23 ардагери жана оруктун 710 ардагери жашайт", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагери президенттин атынан 75 миң сомдон жана оруктун ардагерлери 15 миң сомдон алышкан.

Пикир

Оставить комментарий