• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Ош шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүздү.

Жумушчу топтун курамына Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери кирди.

Рейддин алкагында Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жеке менчик соода түйүндөр, коомдук тамактануучу жайлар, тиш дарылоочу борборлор, сулуулук жана, косметологиялык салондор текшерүүгө алынды.

Мындан тышкары, Түштүк-Чыгыш (Юго-Восток) кичи районунда уруксат кагазы жок иштеп жаткан кондитердик цех аныкталып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Рейддик иш-чаралар сентябрдын аягына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий