• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто суициддин алдын алуу боюнча тийиштүү иш алып барбаган жетекчилер жоопкерчиликке тартылды

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Ошто суициддин алдын алуу боюнча жетишээрлик иш алып барбаганы үчүн бир катар жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде Ош мэриясында КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында балдар маселелери боюнча жыйын өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, билим берүү тармагынын жетекчилери, мектеп директорлору жана бала бакчалардын жетекчилери, мектептердеги ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселелери, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы суицидге каршы күрөшүү жана алдын алуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын ишинин жыйынтыктары каралды.

Жыйындын алкагында суициддин алдын алуу боюнча жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн муниципалдык аймактык башкармалыктардын эки жетекчисине дисциплинардык жаза жарыяланганы маалым болду. Тактап айтканда, “Курманжан-Датка” МАБынын башчысына эскертүү, “Манас-Ата” МАБынын жетекчисине сөгүш берилди. Шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Карл Маркс мектебинин директоруна да сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле Ош шаарынын прокуратурасы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдарды коргоо боюнча тиешелүү органдар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлбөгөндүгүн, мыйзамдуулукту сактабай, кайдыгер карагандыгы үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын (Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бир катар тергөөчүлөрү, шаардык үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү) жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий