• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Оштун “Алай” командасы “Кара-Балта” командасын 9:0 эсебинде утту

Спорт 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Оштогу А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын “Алай” командасы өз үйүндө Кара-Балта шаарынын “Кара-Балта” командасын кабыл алды.
Оюндун биринчи бөлүгү 4:0 эсебинде “Алайдын” пайдасына чечилип, экинчи бөлүгүндө дагы 5 топ дарбаза торунан орун алды. Беттеш 9:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Беттешке КРнын футбол федерациясынын вице-президентти Канат Маматов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана башкалар күбө болду.

Белгилей кетсек, “Алай” командасынын кийинки оюну Бишкектин “Дордой” командасы менен болот. Мелдеш 26-сентябрда А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий