• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун мэри шаардагы медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бир катар саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы менен таанышты, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Анда Ош шаардык перинаталдык борборуна барышып, КММАнын Түштүк филиалынын имаратынын абалын жана кадрларды кайра даярдоону көрүштү. Учурда бул имараттын биринчи кабатында оңдоо иштери жүрүп жатат, план боюнча бир айдын ичинде бүткөрүлөт.

Перинаталдык борбор менен шаардык клиникалык ооруканада кошумча орундар жетишсиз болуп жаткандыктан, бул имаратты шаардын саламаттыкты сактоо тармагына кайтарып берүү маселеси курч турат.

Андан ары Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, анда 300 орундуу кошумча корпус жана дарыкана куруу зарылдыгы айтылды. Жеринде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сунушталган долбоорду карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын абалы менен таанышып, тиешелүү кызматтарга лаборатория, ашкана жана кир жуучу жайдын административдик имаратынын курулушунун долбоорун даярдоо боюнча иштерди баштоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары, оорукананын жаңы имаратында желдетүү маселесин карап чыгуу жооптуу мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө тапшырылды.

Алмаз Мамбетов белгилегендей, Ош шаарынын мэриясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү, аларды колдоо жана жардам көрсөтүү болуп саналат.

Соңунда мэр шаардык оорукананын эски имаратынын аймагындагы жаңы поликлиниканын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул жерге ҮДТнын №5 филиалын убактылуу жайгаштыруу пландалууда. Иш Катар фонду тарабынан колдоого алды.

Пикир

Оставить комментарий