• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Пайдалуу кеңештер: Калемпир чачы түшкөндөргө жардам берет

Дүр дүйнө 0

Калемпирдин даамы ачуу, табияты ысык болот. Ал көпчүлүк учурда тамак-ашка пайдаланылат, ошондой эле анын дарылыгы бар. Ал ревматизм менен ооругандарды дарылоого, ашказанда пайда болгон курттарды өлтүрүүгө, теринин кан тамырлары кеңейип кеткенде жана ушул сыяктуу ооруларга касиети чоң.

Мындан тышкары калемпир төмөндөгү ооруларга пайдалуу:

-буту-колдун муундары ооруганда, калемпирди жанчып кышында аракка, жайында уксуска аралаштырып ооруган жерге тартат;

-баштын бир ыптасы ооруганда, он баш калемпирдин сабагын сууга кайнатып, шекер кошуп ичет;

-узакка созулган ар кандай ооруга чалдыккан адамдар дайым көк калемпирдин өтө эле ачуусун эзип, күнүнө 2-3 жолу 9г ичсе ооруган жерлер айыгат;

-колтугу колоңсоосу болгон адамдар, кургак калемпирди йодко малып, бир жума күнүнө эки жолу сүртүп турса, колоңсо жок болот;

-башындагы чачы түшкөн адамдар, калемпирди кайнатып анын суюктугун күнүнө бир нече жолу башка сүртсө чач чыгууга мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий