• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Пайдалуу кеңештер: Муздаткычтагы жагымсыз жыттан арылуу ыкмалары

Дүр дүйнө 0

Азыркы заманда муздаткыч адамдардын досуна айланган. Ансыз заманбап үй-бүлөнүн турмушун элестетүүгө болбойт. Анын бузулушуп калышын ойго алуунун өзү жагымсыз. Бирок, айрым учурда муздаткычта жагымсыз жыт пайда болуп, табитти бузат. Жытты кетирүү керек! Төмөндө биз бир нече ыкмаларды сунуштайбыз.

Майдаланган активдүү көмүртек бул милдетти жакшы аткарат. Аны тарелкага салып түнкүсүн муздаткычка калтырып коюу керек. Ал түнү бою жагымсыз жыттарды өзүнө тартып алат. Алдын алуу катары активдүү көмүртекти дайыма муздаткычка салып койсоңуз болот. Болгону мезгил-мезгили менен таблеткаларды алмаштырып коюуну унутпаңыз.

Уксус менен тазаласаңыз жакшы натыйжа берет. Муздаткычтын ичин толук бойдон уксус сиңирилген майлык менен сүртүп чыгыңыз. Таасирди бекемдөө үчүн стакан уксус куюп бир нече саатка муздаткычтын ичинде калтырып коюуга болот. Ошондой эле куурулган кофени муздаткычка жана муздаткычтын негизги камерасына коюп койсоңуз жыттарды өзүнө тартып алат.

Эгерде муздаткычта сода салынган идиш дайыма турса, бир нече айга жагымсыз жыттардын болушунан кутулуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле сода кошулган суу менен тазалап чыксаңыз дагы жакшы натыйжага жетише аласыз.

Кара нанды кесип муздаткычтын ичине бир нече жерге коюп койсоңуз дагы жаман жыттардан арылууга жардам берет. Ушундай эле таасирге алма, сыр же чийки картошка ээ. Муздаткычтын текчелерине коюлган чай баштыкчалары жыттарды жакшы тартып алат.

Ошондой эле заманбап атайын каражаттарды колдонсоңуз болот. Бул муздаткыч үчүн сергитүүчү аэрозоль, аба тазалоочу – түстүү тегерекчелер, ионизаторлор. Аталган каражаттардын бардыгы керексиз жыттар менен күрөштө таасирдүү болуп саналат.

Анткен менен алдын алуу чараларын колдонуп, жагымсыз жыттардын пайда болушуна жол бербөө баарынан дурус. Ал үчүн тамак-ашты муздаткычка жабык идиште коюу керек (айрыкча балыкты). Өз убагында тазалап, азыктардын эскирип кетүүсүнө жол бербей алмаштырып туруу керек.

Пикир

Оставить комментарий