• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Пайдалуу кеңештер: Туз салынган сууга башты жууп жүрсө чач түшпөйт

Дүр дүйнө 0

-Эртең менен ачкарын кайнаган сууга азыраак туз салып эритип анын тунмасын ичсе, ал ашказанга пайдалуу.

-Белгилүү өлчөмдө туз салынган сууга башты жууп жүрсө чач түшпөйт.

-Тамактануудан кийин күптүү болуп тамакка табити чаппай калган учурда туздуу суу ичсе тез оңолот.

-Өңү өтүп кете турган материалдарды жууганда азыраак туз аралыштырып жууса өңүнөн бузулбайт.

-Жаңы алынган идиш-аяктарды алды менен туздуу сууга кайнатып алса ал чыдамкай болот да, оңой менен сынбайт.

-Баклажандын тамырын туздуу сууга кайнатып бутту жууса буттун кычышканын токтотот.

-Адамдын денеси күйүп калса, азыраак салынган туздуу суу менен жууса, анда ал жарат айыгат.

-Балык балыр жыттанса, туздуу суу менен жууса жыты жоголот.

-Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп анан курчутса жакшы курчуйт.

-Кышында жуулган кирлерди сыртка жайып койсо тоңуп калат. Ал убакта тез кургабайт, бир ууч туз салынган сууга чайкап жайса кир тоңбойт жана тез кургайт.

Пикир

Оставить комментарий