• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Парламенттин көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитип берди.

Көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов билдиргендей, коалициянын чечими тиешелүү комитеттердин төрагаларына, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга "КСДП", "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирет.

10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, анда Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлаган. Андан кийин Жогорку Кеңештин өкмөттүн түзүмүн, курамын, программасын бекитүү тууралуу токтому президентке жөнөтүлгөн. Бирок 13-октябрь күнү президент 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болгон эмес деген жүйөө токтомду кайра артка кайтарган.

Пикир

Оставить комментарий