• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ТИМ: Прага университетиндеги ок атуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Кырсык 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулунун алдын ала маалыматы боюнча, Праганын Ян Палах аянтындагы университетте болгон ок атуудан каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

РИА Новости Чех полициясы бейшемби күнү Праганын Ян Палах аянтында жайгашкан Карлов университетинин философия факультетинде болгон ок атуудан каза болгон 14 адамдын 11инин өздүгүн тактагандыгын жазат.

Маалым болгондой, Прагадагы Карлов университетинин философия факультетинин 24 жаштагы студенти Дэвид К. аудиториядагы студенттерге, ошол маалда окуу жайдын астынан өтүп бара жаткан адамдарга мылтыктан ок чыгарган.

Акыркы маалыматтарга караганда, атышуудан 14 адам каза болуп, 25 адам жарадар болгон.

Полициянын маалыматына ылайык, Дэвид К. буга кылдаттык менен даярданган. Окуядан соң ал өзүн-өзү өлтүргөн.

Пикир

Оставить комментарий