• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президент Баткен облусунда: Жаңы ишканалар текшерүүлөрдөн үч жылга бошотулду

Аймак 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Жаңы ишканалар текшерүүлөрдөн үч жылга бошотулду. Бул тууралу президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

"Бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди. Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулууда, эскилери оңдоп-түзөлдү", - деди Жээнбеков.

Президент белгилегендей, өткөн жылы элет жеринде ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Финансылык, кредиттик, бюджеттик саясат региондорго бурула баштады. Аймактарда жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл бурулду. Республика боюнча былтыр 500дөн ашык жаӊы ишкана ачылып, 6372 жумуш орду түзүлдү.

Дотациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду, - деп кошумчалады президент.

Пикир

Оставить комментарий