• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Президент: Өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк, коомдун биримдиги – негизги байлыгыбыз

Президент 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк, коомдун биримдиги, улуттар аралык ынтымак – негизги байлыгыбыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Ошондуктан коомдун ынтымагын чыӊдоо, коомдук тартипти сактоо маселеси дайыма менин көӊүлүмдүн борборунда болду, деп билдирди президент.

"Ички жана чек арадагы коопсуздукту сактоо үчүн чечкиндүү чара колдонуу, мамлекеттин тынчтыгын коргоо — башкы милдетибиз бойдон калды. Армияны чыӊдоого, чек арабыздын ишенимдүү корголушуна астейдил көӊүл бурдук. Армияны камсыздоо бир кыйла жакшырды. 11 жаӊы заставалардын комплекси курулду. 2018-жылы аскерлер үчүн 10 турак үйү, бир нече социалдык объекттер курулуп, пайдаланууга берилди. Куралдуу күчтөрүбүз 2019-жылдын башында 125 автомобилдик жана атайын техника менен камсыз болду. Контракттык аскер кызматчыларынын маяналары 2018-жылы 30 пайызга жогорулады. Тышкы чек ара өткөрүү пункттарын чыңдоо боюнча 12 пункт жабдылып бүттү", - деп билдирди мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, учурда сот-укуктук реформа жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий