• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

Президент 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчынын борту "Нурсултан Назарбаев" эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезектеги онунчу Саммитинин ишине катышат.

Пикир

Оставить комментарий