• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Президент Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы иш-чарасынын ачылышында видео кайрылуу жасады

Президент 0


Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы иш-чарасынын ачылыш аземинде видео кайрылуу жасады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын сөзүндө мындай деп айтылат:

“Урматтуу төрага,
Урматтуу Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй мырза,
Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Бүгүнкү иш-чаранын ачылыш аземинин бардык катышуучуларына салам жолдоп жатканыма абдан кубанычтамын! Биз бүгүн Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын ачылышына байланыштуу өзгөчө окуяга чогулуп жатабыз. Мен Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна жана Тоо шериктештигинин катчылыгына бүгүнкүдөй глобалдык маанилүү иш-чараны өткөрүп жатканы үчүн чын жүрөгүмөн ыраазычылыгымды билдирем.

Үстүбүздөгү 2022-жыл – маанилүү-маңыздуу өзгөчө жыл. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгондугунун 30 жылдыгын белгилеп жатып, мамлекетибиздин тоолуу өлкөлөрдүн БУУдагы жалпы кызыкчылыктарынын ишенимдүү колдоочусу болгондугуна сыймыктанам.

Бириккен улуттар уюму менен биздин биргелешкен жетишкендиктерибиз арбын. Ага Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо тууралуу бүгүнкү иш-чара дагы айдан ачык мисал. Тоолор боюнча эл аралык кызматташтык боюнча мындан жыйырма жыл мурун Кыргызстанда өткөн биринчи Глобалдык тоо саммити эсимде. Биздин боордош өлкөлөрдү жарыяланып жаткан Эл аралык тоо жылы жана Тоо шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктап жатканыма куштармын! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Тоо шериктештигинин катчылыгынын ак ниет ишмердигин жогору баалагандыгымды жана ага ыраазычылыгымды билдирип кетейин!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Мен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарын толугу менен колдой тургандыгын дагы бир жолу ырастагым келет. Биз Туруктуу өнүгүү жолунда, өзгөчө, тоолуу аймактарда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Мен дүйнө коомчулугуна социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөр тууралуу өткөн жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарында, Кунминдеги Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча БУУнун Конвенциясына кирген Тараптардын конференциясында, Глазгодогу Климат саммитинде жана жакында эле Японияда өткөн Азия - Тынч океан суу саммитинин 4-сессиясында да кеңири маалымат бергем. Аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында мен 2022-жылды Кыргызтан үчүн Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялагам. Анын алкагында биздин тоолорубузду сактоо максатында «Жашыл мурас» аттуу улуттук программа башталды. Бул программанын негизинде, жыл сайын өлкө боюнча 6 млн. даана көчөт отургузууну көздөп, ишке ашыра баштадык.

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Мен 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн шериктеш болгон тоолуу өлкөлөрдү глобалдык өнүгүүнүн күн тартибинде турган жалпы кызыкчылыктарыбызды алдыга жылдырууну жандандырууга чакырам. Ушуга байланыштуу бардыгыңыздарды Бириккен Улуттар Уюмунун тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы беш жылдык иш-аракеттер планын кабыл алуу боюнча биздин демилгебизге кошулууга үндөөр элем. Бириккен Улуттар Уюмуну Тянь-Шань, Алтай, Урал, Гималай, Альпы, Кордельер жана Атлас тоолуу өлкөлөрү менен биргелешип иштеп, жаратылышы кооз көптөгөн тоолуу аймактардын жашоочуларынын өнүгүп, гүлдөп-өсүшүнө тез арада түз жардам берерине бекем ишенем.

Кайрылуумдун соңунда Кыргызстандын эл аралык тоо кызматташтыгына ачык-айкындыгын жана даяр экендигин ынандырып кетүүгө уруксат этиңиздер.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!”.

Пикир

Оставить комментарий