• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Президент жарандарды биримдикке чакырды

Коом 0

Кечээ парламентте сөз сүйлөп жатып президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды мамлекеттин, балдардын келечеги үчүн ынтымакка жана биримдикке чакырды.

"Дүйнө саясий, экономикалык, коомдук жана социалдык чөйрөдө туруксуз абалда жашап жатканда бир гана сабырдуулукту эмес, ынтымактуулукту көрсөтүү керек. Кыргызстандын тарыхында коомдун байланышы үзүлгөн, уруу-урууга жана тегине жараша бөлүнгөн учурлар бар. Учурда Кыргызстан башкача көрүнүп турат", - дейт эксперт Павел Дементьев.

Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Жээнбеков жарандык жогорку жоопкерчиликти жана катуу тартипти сактоо зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, тобокелдикти баалабоо ден соолукка гана эмес, адам өмүрүнө да коркунуч жаратат.

"Ар бир мекендешибиздин ден-соолугу жана өмүрү баарынан жогору экенин дагы бир ирет кайталайм. Бүгүн экономикалык жоготууларга карабай адам өмүрүн сактап калуу милдети турат", - деп айтып, ал бардык мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.

"Ушул кезге чейин тартипти сактап, өзгөчө абалды туура түшүнгөн кеменгер элибизге ыраазылыгымды билдирем. Илдетке каршы иш-аракеттердин алдыңкы сабындагы биздин каарман дарыгерлерибизге таазим этебиз. Күнү-түнү тартипти көзөмөлдөп, коомдун сакчылыгында турган милиция, чек ара жана аскер кызматкерлерине рахмат айтабыз. Элге жардам берип жаткан ыктыярчыларыбызга, ишкерлерибизге, кайдыгер эмес мекендештерибизге ыраазылык билдиребиз", - деп, ал дарыланып жаткан мекендештердин тезирээк айыгып кетишин каалады.

"Дүйнөнү өзгөртүп жаткан бул кырдаал өлкөдөгү кайсы тармакта кандай көйгөй бар экенин ашкереледи. Коомдун саламаттыгын коргоодогу жана бул тармакты башкаруудагы көйгөйлөргө кептелдик. Саламаттыкты сактоо тармагы туташ реформага муктаждыгын турмуш дагы бир ирет далилдеди. Мындан тышкары илим, билим тармагы да замандын жаңы чакырыктарын эске алып, жаңыртууну талап кылат", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент түзүлгөн кырдаалдан улам жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо мөөнөтүн аргасыз жылдырылгандыгын, Апрель революциясынын 10 жылдыгы алдын ала түзүлгөн пландагыдай белгиленбегендигин айтып өттү.

"Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейбиз. Бул ыйык датага байланыштуу иш-чаралар да өзгөрүүлөргө учурайт", - деди ал.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий