Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облустарга гуманитардык жардам жеткирүүдө. Республикалык штабдан кабарлашкандай, өкмөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гумжардам жеткирүү милдетин ыйгарган.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-апрелде Өзбекстан Республикасынан гуманитардык жардам катары келген буудай унун жеткирүү иши уюштурулду:
- Ош шаардык мэриясы – 100 тонна;
- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 380 тонна;
- Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 330 тонна;
- Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 190 тонна.
Штабдан кошумчалашкандай, жер-жерлерде гуманитардык жардамды жергиликтүү бийлик органдары бөлүштүрөт.
Пикир
Оставить комментарий