• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүү кандай жүрөт? БШКнын жообу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Шайлоо тилкелеринде ар бир жаран биометрикалык текшерүүдөн өткөндөн кийин эки бюллетень берилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Бюллетендин бири ак түстө болот. Анда президенттикке талапкерлердин тизмеси болот. Экинчиси көк түстөгү бюллетень референдум үчүн. Андан кийин шайлоочулар добуш берүү жеринен эки бюллетенге белги коюп, урнага салат", - дейт ал.

Бекматов эгер жаран бюллетендеги жазылган талапкерлердин бир катарын белгилеп койсо, анда ал жараксыз деп эсептелинерин эскертет.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий