• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Прокуратура кызматкерлери республика боюнча ишембилик өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Кыргызстандын прокуратура органдарынын жалпы жамааты кезектеги ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын кызматкерлери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин, көзөмөл органынын имаратынын аймагын жана борбор калаанын А.Токтоналиев көчөсүн бойлото тазалоо жана айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү.

Ал эми облустук, райондук жана адистештирилген прокуратура органдарынын кызматкерлери белгиленген аймактарда массалык түрдө ишембилик иштерин өткөрүп, айлана көрктөндүрүлүп, таштандылар алынып иретке келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий