• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Путин: Чыңгыз Төрөкуловичтин бай руханий мурасы дагы эле бүт дүйнө жүзүндө кызыгууну пайда кылууда

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» III Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

«Үчүнчү Эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктайм.

Көптөгөн өлкөлөрдөн конокторду баш коштурган бул өкүлчүлүктүү форум Чыңгыз Айтматовдун — көрүнүктүү жазуучунун жана ойчулдун, коомдук ишмердин жана дипломаттын 90 жылдыгына арналган.

Чынгыз Төрөкуловичтин бай руханий мурасы дагы эле бүт дүйнө жүзүндө кызыгууну пайда кылууда. Ал өмүр бою даңазалаган даанышман ойлор, бийик гуманисттик баалуулуктар азыр да адамдарды шыктандырып, алар үчүн адеп-ахлактык багыт болууда.

Форумдун күн тартибинде — цивилизациялар аралык жана диндер аралык диалогду илгерилетүү, диний жана саясий экстремизмге каршы аракеттенүү, адам укуктарын коргоо, билим берүүнүн жана агартууну өнүктүрүү маселелери.

Баары кызыктуу жана мазмундуу талкууларды күтүп жатышат. Албетте, форумда айтылган идеялар жана демилгелер ар кандай өлкөлөр жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты бекемдөөгө кызмат кыларында шек жок. Сиздерге биргелешкен жемиштүү иш жана бардык жакшылыктарды каалайм», — деп белгиленет Россия Президенти Владимир Путиндин кайрылуусунда.

Пикир

Оставить комментарий